Чаткал районундагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров унаа жолу ачылды. Бул тууралуу 29-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-январда Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысынын буйругунун негизинде Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров унаа жолу ачылган.
Эске салсак, Чаткал районундагы Красная Горка-Ак-Таш жана Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров унаа жолдорун жабуу боюнча тийиштүү буйрукка 2014-жылдын 27-январында райондун акими кол койгон эле. Буга кардын тынымсыз жаашы жана кар көчкү жүрүп кетүү коркунучу себеп болгон.