Оштогу шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатында гүлдүн 8 түрү өсөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда аталган ишкананын жетекчиси Бактияр Кудайбердиев билдирди.
Мэр Айтмамат Кадырбаев менен болгон жолугушуу учурунда комбинаттын иши тууралуу маалымат берип, азыркы учурда 222 кызматкер иштээрин айтты.
Ошондой эле мурда таштанды турган жерди гүл сатуучу дүкөнгө айлантылганын кошумчалады. "Шаарда гүл саткан дүкөндөрдүн бири гана мамлекетке карайт, калганы менчиктештирилип кетти",- деди Бактияр Кудайбергенов.