Нарынбек Молдобаев, депутат: "Бизге "Автомобиль дизайнери" деген кесиптин эмне кереги бар?"

Жогорку Кеңеште бүгүн, 29-январда Билим берүү жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси каралууда. Депутаттар ЖОЖдордо материалдык база оңолбой жатканын айтышты.

"Жогорку окуу жайларда адистиктердин санын кыскартышыбыз керек. Сандан сапатка өтөлү. Мисалы "Автомобиль дизайнери" деген кесип бар экен. Кыргызстанда авто унаа чыкпагандан кийин бул адистиктин кимге кереги бар? ЖОЖдон 3 диплом алып, бирок бир кызматка орношо албай жүргөндөр толтура",- дейт депутат Нарынбек Молдобаев.

Депутат Тынчтык Ураимов сапатсыз кадрлардын даярдалып чыгышына ректорлор күнөөлүү экенин билдирип, "алар бүтүрүүчүлөрдүн келечегине кызыгышпайт деле" деди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан