Биз социалдык тармакта

АКШ менен Иран сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү макулдашты

Швейцарияда өткөн АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрүндө 60 күндүн ичинде акыркы келишимге жетишүү боюнча жол картасы макулдашылды. Бул тууралуу тараптардын ортосунда ортомчулук кылган Катар менен Пакистандын Тышкы иштер министрликтеринин биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.

Документте жолугушуу конструктивдүү маанайда өткөнү, анын ичинде кийинки сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн механизм түзүлгөнү белгиленет.

"Жогорку деңгээлдеги комитет 60 күндүн ичинде акыркы келишимге жетишүү боюнча жол картасын макулдашып, кийинки техникалык сүйлөшүүлөрдү дароо баштоого негиз түздү. Мындан тышкары, Ормуз кысыгы аркылуу соода кемелеринин коопсуз өтүшүн камсыз кылуу максатында тараптардын ортосунда түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу үчүн байланыш каналы түзүлдү",- деп айтылат билдирүүдө.



Ошондой эле Ливандагы ок атышууну токтотуу режиминин сакталышын камсыз кылуу максатында тараптар ортомчулардын колдоосу менен жаңжалдардын алдын алуу боюнча топторду түзүүгө макулдашты.

"Ортомчулар акыркы келишимге жетишүү үчүн сүйлөшүүлөрдүн мындан ары да конструктивдүү маанайда өтүшүн камсыз кылуу багытында бардык аракеттерин улантышат",- деп айтылат биргелешкен билдирүүдө.

Буга чейин Иран АКШ менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийинки келишимдин чоо-жайын ачыктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан