Кыргыз-тажик чек арасы боюнча түзүлгөн өкмөттөр аралык жумушчу топ ишин улантып жатат. Муну бүгүн, 29-январда SUPER.KG порталына өкмөттүн чек арадагы делимитация маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди. Айтымында, жумушчу топтун өкүлдөрү учурда Ворух анклавынын айланасында иш жүргүзүүдө.
"Жумушчу топ өз ишин улантып, аны менен бирге жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Аймакта абал туруктуу. Тажикстан тараптын да өкүлдөрү биз менен иштешип жатат",- деп билдирди Искандаров.