Бүгүн, 29-январында Алай районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондук паспорт-виза жана каттоо бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын ички миграция жөнүндө 2004-жылдагы №866 «Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жеринен каттоодон чыгаруу жана келген жерине каттоого коюу тартиби жөнүндө бекитилген» жобону ишке ашыруу максатында семинар болуп өттү. Бул тууралуу райадминистрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Семинарга Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Зикиров Максатбек Пирмаматов катышты.
Алай райондук паспорт-виза жана каттоо бөлүмү, райондогу айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлерине жарандарды каттоого тургузуу жана каттоодон чыгаруу үчүн штамптар берилди.
Ошондой эле жетекчилик тарабынан жигердүү иштеген кызматкерлерге грамоталар тапшырылды.
.