Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кундузбек Сулайманов камактан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан SUPER.KG порталына тастыктады.
Маалым болгондой, 26-июндагы соттун токтомуна ылайык, ага карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат менен алмаштырылды.
Эскерте кетсек, УКМК эл өкүлүн 1-апрелде кармаган. Ал эми ал депутаттык мандатынан 23-февралда ажыратылган.