Жайыт
колдонуучулары жайлоого жайкы бала бакчаларды ачууну сунуштап жатышат. Бул
туурасында КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Жайыт департаменти
билдирди.
Маалыматка
караганда, биринчилерден болуп жогорудагыдай бала бакча Нарын облусунун Долон
ашуусуна ачылган. Учурда андай бала бакчалардын саны 20га жетет. Балдар ал
жакта болгону 3 саат болушат.