Жогорку Кеңештин 29-январдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков эртең, 30-январда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара аймагында болгон окуя, анын кесепеттерин жоюу маселесине арналган өкмөттүк күн өтөрүн билдирди. Жыйынга премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышат.
Айта кетсек, бүгүн Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болду.