АКШнын президенти Дональд Трамп НАТОнун Анкарадагы саммитинде Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Сириянын президенти Ахмед аш-Шараа менен жолугушат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, Трамп эки өлкөнүн лидерлери менен өз-өзүнчө эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Андан соң Вашингтонго кайтар алдында маалымат жыйынын берет.
Ак үйдүн өкүлүнүн айтымында, Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусунда негизги тема Украинадагы согушту токтотуу маселеси болот. Ал эми Сириянын президенти Ахмед аш-Шараа менен жолугушуусунун максаты тууралуу АКШ тарап азырынча кеңири маалымат бере элек.
Буга чейин Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.