Биз социалдык тармакта

Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 3535 адамга жетти

Венесуэлада болгон жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 3535 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жаңыланган маалыматтарды Венесуэланын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригес жарыялаган. Анын айтымында, 16 740 адам жаракат алып, 17 854 тургун турак жайсыз калган. Ошондой эле 190 имарат толугу менен кыйрап, дагы 856сы олуттуу зыянга учураган.

Издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө 6462 адам куткарылган. Жер титирөө 24-июнь күнү кечинде катталып, күчү 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки жер силкинүү болгон.

БУУнун алдын ала баалоосу боюнча, кырсыктан келген түз экономикалык чыгым 6,7 миллиард долларды түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан