
АКШнын Бразилиядагы ири кылмыштуу топторду террордук уюмдар деп таанышы өлкөгө олуттуу кесепеттерди алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Бразилиянын тышкы иштер министри
Мауро Виейра билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
"АКШ бийлигинин бул чечими Бразилиянын жарандары үчүн каржылык жана миграциялык тармактарда терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Мындан тышкары, АКШ Бразилиянын аймагында аскердик күч колдонулушу мүмкүн",- деп айткан министр.