Бүгүн, 7-июлда "Манас" эл аралык аэропортунда жүргүнчү учак авариялык конуу жасады. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Tez Jet" авиакомпаниясына таандык учактын дөңгөлөгү жарылып, бир жак капталына кыйшайып конду.
"Кыргызстандын аэропорттору" ишканасы жабыркагандар жок экенин билдирип, толук маалымат берилерин кошумчалады.