Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропорту саат 06:00гө чейин убактылуу жабык болот. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Ушуга байланыштуу Бишкекке багыт алган бир катар аба каттамдары Тамчы, Ош жана Алматы аэропортторуна багытталууда.
Буга чейин маалымдалгандай, «Манас» аэропортунда учактын уча баштоо маалында арткы дөңгөлөгү жарылып, аба майданы убактылуу жабылган.
Жүргүнчүлөргө каттамдары боюнча маалыматты авиакомпаниялардан жана аэропорттун расмий кызматтарынан тактоо сунушталат.