"Манас" аэропортунда кырсыктаган учак учуп-конуу тилкесинен алынды. Бул тууралуу аталган аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, учурда учактын күйүүчү майынын калдыктары тазаланууда. Аэропорт болжол менен саат 9:00дө ачылат.
Буга чейин "Манас" аэропорту саат 06:00гө чейин убактылуу жабык болору айтылган эле.