АКШнын президенти Дональд Трамп Европадан айрым америкалык күчтөрдүн чыгарылышы боюнча чечим кабыл ала электигин билдирди.
"Мен азырынча акыркы чечим кабыл ала элекмин. Көп нерсе Гренландиядан көз каранды болот",- деген ал журналисттерге НАТОнун саммити өткөн Түркиядан кайтып келе жатып.
Президент эгерде Гренландия боюнча абдан жакшы келишим түзүлбөсө, аскерлерди чыгарып кетүүнү караштырарын кошумчалаган.
Шаршемби күнү Трамп НАТОго Гренландияга байланыштуу нааразычылыгын айткан.
Эске салсак, америкалык лидер апрелде АКШ НАТОнун айрым өлкөлөрүндөгү аскерлерин чыгарууну сунуштаган. Майда Вашингтон бир жылдын ичинде Германиядан 5000 америкалык аскерди чыгарып кетүү планын жарыялаган.