UFC президенти Дана Уайт маалымат жыйынында ирландиялык аралаш мушташ чебери Конор Макгрегордун UFC 329 турниринде жаракат алганы боюнча комментраий берди.
Макгрегор беттештин алгачкы секунддарында тизесинен жаракат алган. Кийинчерээк ал беттеште улам-улам жыгылган.
"Мен жок дегенде биринчи раундда кооз беттеш болот деп күткөм. Конор беш жылдык тыныгуудан кийин кандай жөндөмүн көрсөтөт деп күткөнбүз? Эми биз аны байламталарынан айрылган деп шектенип жатабыз. Мен дарыгер эмесмин, бирок бул тууралуу дароо ойлондум. Кийинчерээк дарыгерлер менин байкоом менен макул болушту",- деди Уайт.
Эске салсак, UFC 329 турнири кечээ, 12-июлда АКШнын Лас-Вегас шаарында өттү. Анда Макгрегор Макс Холлоуэйге жеңилип калды.