Биз социалдык тармакта

Ат-Башыда ток менен балык кармаган чет элдиктер айыпка жыгылышты

Нарындын Ат-Башы районундагы Арпа өрөөнүндө ток менен балык кармоого шектелген 4 чет элдик жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, электр балык кармоочу аспап менен мыйзамсыз балык кармаганды үчүн ар бирине 10 миң сомдон, жалпы 40 миң сом айып пул салынган. Мындан тышкары, жайыт жерлеринде унаа менен мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн 5500 сом өлчөмүндө айып пул чегерилген.

Учурда окуя боюнча Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тиешелүү тергөө-иликтөө иштери жүргүзүлүп, материалдар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан