Австралиялык бобслейчи Дези Жонсон Кыргызстанга болгон сапарынан кийинки таасирлери менен бөлүштү. Ал өлкөгө келип, кокусунан кыргыздын үлпөт тоюна катышкандан кийин Кыргызстанга өзгөчө кызыгуу пайда болгонун айткан.
Спортчунун айтымында, кыргыз элинин меймандостугу, конок тосуу салты жана тойдогу өзгөчө атмосфера ага чоң таасир калтырган. Ал бул учурду өмүрүндөгү эсте каларлык күндөрдүн бири катары баалаган.
Дези Жонсон - бобслей боюнча старттык ылдамдык боюнча чемпиондуктун жеңүүчүсү. Дүйнө кубогунун катышуучусу жана Австралиянын Олимпиадалык курама командасынын мүчөсү. Ал Кыргызстанга болгон сапарын маданият менен таанышуудагы баалуу тажрыйба катары белгилеген.