Жоомарт Оторбаев: “2013-жылы “Манас” үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарынын тизмесине кирип, дүйнө элине даңазаланды”

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев 29-январда Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облустун 2013-жылдагы социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

 

Биринчи вице-премьер-министр республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, “Кумтөр” алтын кенин иштетүүдөгү жаңы маалыматтар жөнүндө айтып берип, облустун 2014-жылдагы милдеттерине токтолду.

“2013-жылы кыргыз элинин маданий руханий мурасы болгон “Манас” үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарынын тизмесине кирип, бул теңдешсиз эпикалык поэма дүйнө элине даңазаланды. Быйыл Талас облусунун, Талас шаарынын, Манас районунун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы белгиленет. Учурда жергиликтүү бийликтин өз аймагын өнүктүрүүгө укугу да , мүмкүнчүлүгү да бар. Ошого байланыштуу сиздер  жоопкерчиликтүү иш алып барасыздар деп ишенем”,– деди Жоомарт Оторбаев.

Коллегиянын жыйынтыгында мыкты жетишкендиктерди көрсөтө алган Кара-Буура районуна Өтмө Кызыл Туу жана облустун диплому тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан