Бүгүн, 14-июлда чет өлкөлүк маалымат агенттиги Кытайда америкалык сейсмолог Юлин Чэнь тыңчылык боюнча айыпталып, сотко тартыларын жазды.
Маалыматка ылайык, Чэнь 2024-жылдын 5-ноябрында Бээжин аэропортунда кармалган. Ал Кытайдагы эки университетте лекция окуп бүткөндөн кийин АКШга кайтууга даярданып жаткан.
Сейсмолог Түндүк Кореянын ядролук сыноолорунан улам пайда болгон сейсмикалык толкундарды изилдеген. Анын иши кытайлык окумуштуулар менен биргеликте жүргүзүлүп, жалпыга жеткиликтүү маалыматтар колдонулган.
Айыпталуучунун жубайы Юйфан Жун күйөөсү соттун чечими чыга электе эле тыңчы катары жарыяланганына тынчсызданып жатканын билдирген. Кытайда мындай кылмыш үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу же өлүм жазасы каралышы мүмкүн.