Бүгүн, 30-январда маалымат жыйынында Кыргызстандагы мусулмандардын демилгечи тобунун жетекчиси Жыпарбек ажы Тойчубеков “биз муфтийдин милдетин аткаруучу Максатбек ажы Токтомушов түзгөн жумушчу топко ишенбейбиз”,- деп билдирди.
Анын айтымында, Максатбек ажы Токтомушев түзгөн жумуш топ Кыргызстан мусулмандардын диний башкармалыгынын уставынын жаңы долбоорун иштеп чыгууда. “Биз, демилгечи топтун мүчөлөрү аталган жумушчу топко ишенбейбиз. Курултайда биз устав боюнча өзүбүздүн вариантты сунуштайбыз. Ушул вариант 2009-жылдан тарта Чүй облусундагы чоң мечиттерде талкуудан өттү”,- дейт Тойчубеков.