Бүгүн, 14-июлда, Азербайжандын президенти Илхам Алиев Франциянын президенти Эммануэль Макронго Бастилияны алуу күнү - өлкөнүн башкы улуттук майрамы менен куттуктоо катын жөнөттү. Бул тууралуу чет элдик малымат агенттиктери кабарлады.
Алиев катында француз элине тынчтык жана өнүгүү каалап, Баку менен Париждин мамилелеринде «жаңы доор» башталганын белгиледи. Ошондой эле эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө үмүт артарын билдирди.
Бастилияны алуу күнү Францияда жыл сайын 14-июлда белгиленет. Бул майрам 1789-жылдагы Улуу француз революциясынын башталышы менен байланыштуу болуп, 1880-жылдан бери улуттук майрам катары майрамдалып келет.