Жогорку Кеңеште бүгүн, 30-январда депутаттар “чек ара маселесин өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевсиз карабайбыз” деп чыгышты. Мындан кийин танапис жарыяланып, өкмөт башчынын парламентке келиши күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, бүгүн парламентте Баткендеги чек ара чатагын талкуулоо үчүн өкмөттүк күн өтөт. Ага өкмөт өкүлдөрү, тийиштүү органдардын жетекчилери катышат.