“Кыргызстандын чек арачылары кыргыз-кытай чек арасында өлтүрүлгөн кылмышкерлер менен тааныш болушкан деп ойлойм”. Муну бүгүн, 30-январда журналисттерге ЖКнын депутаты Абдумиталип Кочкорбаев айтты.
Айтымында, кыргыз-кытай чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүлөр буга чейин эле болуп келген.
“Бул жолу кандайдыр бир жагдай боюнча келише албай калышкан, ошондон улам конфликт чыккан. Чек арачылар жок дегенде кылмышкерлердин бирөөсүн аман алып калышы керек болчу. Анын үстүнө аларда курал болгон эмес. Баарын жок кылуу менен бир нерсени жашырып коюшкандай”,- дейт депутат.
Эскерте кетсек, 23-январда Ысык-Көл облусундагы "Ак шыйрак" чек ара заставасынын аймагында пайда болгон белгисиз 11 адам бир токойчуну өлтүрүп, өздөрү курчоодо калышкан эле. Ошол күнү кечке маал чек арачылар алардын баарын жок кылышкан.