Токон Мамытов депутаттарга: “Кыргыз-кытай чек арасында кылмышкерлер багынбай жатат. Атышуу уланууда”

 Жогорку Кеңештин 23-январдагы жыйынында вице-премьер-министр Токон Мамытов депутаттарга кыргыз-кытай чек арасындагы атышуу боюнча маалымат берди. Мамытов буларды айтты:

“Бүгүн кыргыз-кытай чек ара аймагында жаңжал чыгып кетти. Эртең менен “Ак шыйрак” заставасына “аймакта белгисиз 10-11 киши пайда болду” деген маалымат келип түшкөн. Маалыматтан кийин чек арачылар окуя болгон жерге барышты. Ал жерге 2 саатта жетишкен. Ал аймакта көп жылдан бери бир токой кызматкери жашап, иштечү. 

Аны көпчүлүгүбүз тааныйбыз. Ал кишини жанагы белгисиз адамдар колго түшүрүп алып, заставанын өкүлдөрү жакындаганда өлтүрүп коюшуптур. Чек арачыларга да курал колдонушкан. Аткылашууда 11дей кишинин экөөсү каза болуптур. Алар азыр ошол жердеги имараттын ичинде курчоодо. Багынбай жатышат. Кез-кези менен ок атышуу жүрүп жатат. Кыскасы, операция аяктай элек”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан