Бүгүн, 24-июлга караган түнү украиналык дрондор Орусиянын бир катар аймактарындагы Wildberries компаниясынын логистикалык борборлоруна чабуул жасашты.
Орусиялык басылмалардын маалыматы боюнча, чабуулдардын натыйжасында Санкт-Петербург, Ленинград облусу, Симферополь жана Тверь шаарларындагы кампалар жабыркап, айрымдарында өрт чыкты. Ленинград облусунда үч адам жаракат алды.
Wildberries компаниясы Санкт-Петербургдагы эки логистикалык борбордун ишин убактылуу токтотуп, Симферополдогу сорттоо борборунда кызматкерлер эвакуацияланганын билдирди.
Буга чейин да компаниянын Краснодар, Невинномысск жана башка аймактардагы кампалары дрондордун соккусуна кабылган.