Интернет желесинде Бишкек шаарында белгисиз жарандын улгайган аялга кол салган учуру тартылган видео тарады.
Видеонун авторунун айтымында, мас абалдагы эркек киши улгайган аялды муунтуп, урган. Окуяга күбө болгон жаш жигит аялга жардам берген.
Бул окуя боюнча Ленин райондук милициясы текшерүү иштери башталганын маалымдады.