Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовду кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчы 25-ноябрда өтүүчү шаардык жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу маселелерге токтолду."Бизде өтчү шайлоого биздин жарандар гана эмес, чет жактагылар да көңүл бурушат. Андыктан шайлоо таза, чын жана акыйкаттык түрдө өтүшү керек",- деп белгиледи өлкө башчысы.