Биз социалдык тармакта

Жалган маалымат мамлекетке зыян келтиргени аныкталды

Бюджеттик каражаттарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу 5-августта Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, жалган маалыматтарды толтуруу менен гемодиализди алган адамдардын санын ашыкча катташкан. Тагыраагы, андай кызматтар өлкө аймагынан тышкары жүргөндөргө, ошондой эле каза болгон бейтаптарга көрсөтүлгөн. Натыйжада мамлекетке 226 миллион 967 миң сом зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) жана 348-беренеси (Шалаакылык) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан