Биз социалдык тармакта

Кыргызстандыктардын чет өлкөлүктөргө карын эне болушуна тыюу салуу сунушталууда

Кыргызстандык кыз-келиндердин чет өлкөлүк жарандарга карын эне кызматын көрсөтүүсүнө тыюу салуу сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаттары Болот Ибрагимов менен Чыңгыз Ажибаев иштеп чыккан мыйзам долбоору парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Анда кыргызстандык аялдар чет өлкөлүктөрдүн балалуу болушунда курал катары колдонулуп жатканы айтылат. Көптөгөн чет мамлекеттиктер кыргызстандык аялдар менен келишим түзүп, аларды башка өлкөлөргө алып барып, ал жакта төрөтүп жатышканы, мындай фактыларда алданып калгандары да бар экени белгиленген.

Документ төмөнкү максаттарды көздөйт:

  • Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону.
  • Карын эне кызматын коммерциялык максатта пайдаланууну токтотуу.
  • Бала сатууну алдын алуу же баланы бир жыныстуу жубайларга берүүдөн коргоо.
  • Ымыркайлардын органдарын сатууну алдын алуу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан