Биз социалдык тармакта

Бүгүн Тажикстандын бир катар аймактарында электр жарыгы өчтү

Бүгүн, 14-августта саат 15:15 чамасында Тажикстандын бир нече шаар жана райондорунда электр энергиясы дээрлик бир убакта өчкөн. Бул тууралуу тажикстандык басылмалар билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, электр энергиясы Нурек ГЭСиндеги агрегаттардын жогорку жүктөмүнөн улам өчүрүлүшү мүмкүн. Электр жарыгы Душанбе, Куляб, Худжанд, Вахдат, Нурек, Гиссар, Шахринав, Рогун жана башка аймактарда өчкөн.

Учурда адистер электр энергиясынын өчүшүнүн себептерин аныктап, ошондой эле электр менен камсыздоону калыбына келтирүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Айта кетсек, бүгүн, саат 15:00дө Бишкек шаарынын да айрым аймактарында электр жарыгы өчүп-күйдү. Ушундай эле кырдаал Алматы облусунун бир катар райондорунда да катталган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан