Бүгүн, 14-августта саат 15:34тө Казакстандын энергетикалык системинин түндүк жана түштүк бөлүктөрүн байланыштырган жогорку чыңалуудагы электр линиясы өчкөн. Мындан улам Борбор Азиянын жалпы электр системинде өзгөрүү болуп, Кыргызстан да электр энергиясын убактылуу өзүнчө режимде камсыздоого өткөн.
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы маалымдагандай, жабдууларды коргоо үчүн автоматтык систем иштеп, электр тармагын коопсуз режимге өткөргөн.
Учурда абал көзөмөлдө. Абоненттердин электр жарыгы үзгүлтүксүз берилип жатат. Кыска мөөнөттүү үзгүлтүктөрдүн так себеби кийинчерээк кошумча маалымдалат.
Айта кетсек, бүгүн Бишкек шаарынын, Алматы облусунун бир катар райондорунда, Тажикстандын айрым облустарында электр энергиясы массалык түрдө үзгүлтүккө учураган.