АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы масштабдуу экономикалык кысым көрсөтө баштаганын жарыялады.
Анын айтымында, талаштуу маселелер боюнча АКШ менен келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды.
"Иранга менден өткөн чоң мүмкүнчүлүктү эч ким берген эмес. Тилекке каршы, алар бул мүмкүнчүлүктү текке кетиришти. Ошондуктан мен бүгүн кайсы бир өлкөгө каршы жүргүзүлгөн эң күчтүү экономикалык операцияны жарыялап жатам. Бул экономикалык согуш жана болуп көрбөгөндөй масштабда обочолонуу болот", - деп жазган ал TruthSocial социалдык тармагында.
Трамп белгилегендей, Иран буга чейин эле экономикалык көйгөйлөрүнөн улам кыйын абалда болгон.