Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы, "Эмгек" партиясынын борбордук комитетинин бөлүм башчысы Ким Ё Чжон шаршемби күнү Пхеньяндын Украинага каршы аскердик операцияларда Орусияга кошумча аскерлерди жөнөтүү планы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Ал Украина жетекчилигинин мындай пландар жөнүндөгү билдирүүлөрүн "негизсиз" деп мүнөздөгөнүн чет элдик басылмалар жазышты.