Кечээ, 19-августта, казакстандык кичинекей бала белгилүү ырчы Шакираны туурап бийлеп, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду. Видео социалдык тармактарга тарап, кызуу талкуу жаратты.
Кадрларда бала музыкага берилип, Шакиранын кыймылдарын өзгөчө так кайталап жатканын көрүүгө болот.
Видеонун автору баланын бийге жана музыкага болгон кызыгуусун жана буларды эч ким үйрөтпөгөнүн айтып, анын талантын белгилеген. Бийден тышкары ал ыр жана айтышка да кызыгарын кошумчалаган.
Интернет колдонуучулары кичинекей талантка колдоо көрсөтүп, анын келечекте жылдыз болушун каалашууда.