Испаниянын Сеута автономдуу шаарында Мароккодон массалык түрдө өтүп келгенден кийин ошол жерде калган көптөгөн мигранттар депортациядан коркуп, ооруканага кайрылбай жатышат. Бул тууралуу Сеутадагы дарыгерлер коллегиясынын төрагасы Энрике Ровиральта чет элдик басылмаларга билдирди.
Анын айтымында, айрым мигранттар шаар боюнча тарап, жашырынып жүрүшөт. Ошондуктан көпчүлүгү депортацияланып кетүүдөн чочулап, медициналык жардам алуу үчүн ооруканага баруудан баш тартышууда.
Ровиральтанын белгилешинче, мындай кырдаал Сеутадагы чыныгы эпидемиологиялык абалды баалоону кыйындатууда.
“Коркунучтун деңгээлин аныктоо мүмкүн болбогондуктан, эң начар сценарийге таянып, мүмкүн болуучу оорулардын очокторуна даяр болушубуз керек”, - деди ал.