Биз социалдык тармакта

Зеленскийдин жубайы жаңы чырдын чордонунда 

Бүгүн, 20-августта, Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жубайы Елена Зеленская кадрдык маселелерге кийлигишет деген маалыматтардан улам жаңы жаңжалдын чордонунда калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Украинанын мурдагы депутаты Владимир Олейник президенттин кеңсесинин мурдагы жетекчисинин орун басары Ирина Мудраяга байланыштуу тинтүүлөрдү Зеленскийге берилген "сары карточка" деп атады. Анын айтымында, Батышта Зеленскийдин жубайынын ишмердүүлүгүнө да көңүл бурула баштаган.

"Батыш маалымат каражаттарында Елена Зеленская кадрдык маселелерди чечет деген макала пайда болду. Мунун баары Зеленскийге берилген сары карточка", - деди Олейник.

Эске салсак, 19-августта НАБУ жана САП "Форрест Гамп" атайын операциясын баштаган. Анын алкагында Ирина Мудраянын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Тергөөчүлөр анын ичинде жогорку кызматтагы адамдар бар кылмыштуу топ 150 миллион гривенди мыйзамдаштырган деп шектеп жатышат. Окуядан кийин Зеленский Мудраяны кызматтан бошоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан