Бириккен Араб Эмираттары Иран менен бардык соода, коммерциялык жана каржылык операцияларды белгисиз мөөнөткө токтотту. Бул чечим аймактагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу кабыл алынганын чет элдик басылмалар билдирди.
БАЭ Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Афра аль-Хамели өлкөнүн мындай кадамы аймактагы жана эл аралык коопсуздукка коркунуч жараткан кырдаалга байланыштуу экенин билдирди.
Буга чейин БАЭ Ирандан учурулган делген эки баллистикалык ракетаны аныктаган. Иран болсо ракеталар БАЭге багытталган деген маалыматты четке каккан.