Биз социалдык тармакта

Украина Орусия менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди

Кечээ, 20-августта Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кеңсесинин башчысынын орун басары Сергей Кислица өлкө Орусия менен жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууну улантууга даяр экенин билдирди.

Анын айтымында, Киев согуштук аракеттерди токтотуу боюнча өз жүйөлөрүн АКШнын катышуусунда өтө турган үч тараптуу сүйлөшүүлөрдө айтууга даяр. Кислица дипломатиялык ишти кандай гана шартта болбосун улантуу керектигин белгиледи.

Мындан тышкары ал АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф менен ишкер Жаред Кушнердин Киевге сапары дагы деле актуалдуу экенин айтты.

Орусия бийлиги буга чейин Украина менен Стамбулдагы макулдашуулардын негизинде сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. Ошол эле учурда Кремль Украина тараптын позициясынан улам тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн оң натыйжасына азырынча ишенбей турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан