Биз социалдык тармакта

"Mattel" компаниясы Мэрилин Монронун образындагы Барби куурчагын чыгарды

19-августта, америкалык "Mattel" компаниясы актриса Мэрилин Монронун 100 жылдыгына карата анын образындагы Барби куурчагын чыгарды. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Куурчактын келбети актриса башкы ролду аткарган "Мырзалар сары чачтууларды жактырышат" (Джентльмены предпочитают блондинок) тасмасынан алынган. Куурчактын баасы 81 долларды түзөт.

Бул "Mattel" компаниясынын Мэрилин Монронун образында чыгарган биринчи куурчагы эмес. 1997-2002-жылдары компания актрисанын бир нече тасмаларындагы образдарына арналган куурчактарды да чыгарган.

Мэрилин Монро 1962-жылы 36 жашында каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан