Бажы тармагынан 1991-жылдан 2020-жылга чейин мамлекеттик бюджетке жалпы 452,7 миллиард сом түшкөн. Ал эми 2021-жылдан 2026-жылдын жети айына чейинки аралыкта бажы төлөмдөрүнөн бюджетке 619,1 миллиард сом түштү.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдиргендей, акыркы 5 жарым жылда бюджетке түшкөн бажы төлөмдөрүнүн көлөмү ага чейинки 30 жылдагы жалпы көрсөткүчтөн ашкан.
"Кыргызстан 2015-жылы ЕАЭБге киргенден кийин Бажы кызматы 18 миллиард сом өлчөмүндөгү бажы төлөмдөрүн администрациялоону токтоткон. Анткени Орусия, Казакстан, Армения жана Беларустан импорттолгон товарларды көзөмөлдөө жана тиешелүү төлөмдөрдү администрациялоо функциясы Салык кызматына өткөн", - деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.