Биз социалдык тармакта

БУУ: “Эбола эпидемиясы тездик менен күчөп жатат”

БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгы (УКГВ) бүгүн, 21-августта Конго Демократиялык Республикасында Эбола вирусунун эпидемиясы тездик менен күчөп жатканын билдирди.

УКГВнын ДРКдагы өкүлү Жюльен Харнейстин айтымында, эпидемия экспоненциалдуу түрдө жайылып, учурда Франциянын аймагынан да чоң аймакты камтыды.

Акыркы 20 күндүн ичинде Эболадан каза болгондордун саны кескин көбөйгөн. Жалпысынан 2,5 миңдей адам көз жумса, алардын жарымы акыркы 20 күндө катталган.

Адистер эпидемияны ооздуктоо үчүн тез арада кошумча ресурстар керектигин белгилешүүдө. Оору чыгып жаткан аймакта 30 жылдан бери куралдуу жаңжал уланып, гуманитардык муктаждыктар өтө жогору экени айтылды.

Бейшембиде ДРКнын Улуттук коомдук саламаттык сактоо институту өлкөдө Эбола вирусун жуктургандардын тастыкталган саны 5208ге жеткенин, оорудан 2476 адам каза болгонун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан