НАТОнун чыгыш капталындагы ага мүчө бир нече өлкөлөр АКШга Европадагы аскердик контингентин кармоо чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берүүчү чараларды сунушташат.
Bloomberg басылмасы булактарына таянып билдиргендей, алар АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын аскердик катышуусун кыскартуусуна жол бербөө үчүн өз аймагында жайгашкан АКШ аскерлеринин чыгымдарын кыскартууну сунушташат. Бул сунуш 27-августта Брюсселде НАТОнун өкүлдөрү менен АКШнын коргоо министринин саясий-аскердик иштер боюнча орун басары Элбриж Колбинин жолугушуусуна даярдалып жатканы кабарланууда.
Учурда Европада болжол менен 80 миң -100 миң АКШ аскери жайгашкан. Алардын үчтөн биринен көбү Германияда.