Кытайлык гуманоид робот адамдардын 100 метрлик рекордун жаңылаганын чет элдик басылмалар жазышты.
Экинчи дүйнөлүк гуманоид робот оюндарына даярдык учурунда робот 100 метрди 9,32 секундда чуркап өткөн. Анын эң жогорку ылдамдыгы секундасына 14,5 метрди түзгөн. Бул аралык боюнча рекордду 2009-жылы ямайкалык спортчу Усэйн Болт койгон. Ал аралыкты 9,58 секундда чуркап өткөн эле. Эми робот аралыкты 0,26 секундга тезирээк чуркап өттү.
Айта кетсек, экинчи дүйнөлүк гуманоиддик робот оюндары кечээ, 22-августта Пекинде башталган. Оюндар 26-августка чейин уланат.