Биз социалдык тармакта

Токаев он күндүн ичинде вице-президент дайындоо убадасын берди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев он күндүн ичинде вице-президенттик кызматка белгилүү талапкерди тандоону убада кылды.

"Эл менден вице-президент жөнүндө көп сурап жатат. Ушул катаал мезгилде өлкөбүзгө мындай кызмат абдан керек. Кийинки жумада же он күндүн ичинде биз вице-президент ким болорун билесиздер. Азыр айта албайм, бирок бул сиздер жакшы билген адам болот", - деди ал жекшемби күнү Астанадагы шайлоо участогунда журналисттерге.

Айта кетсек, Казакстанда референдум аркылуу кабыл алынган жаңы конституция 1-июлда күчүнө кирди. Ага ылайык, мамлекетте вице-президент кызматы түзүлүп, парламент бир палаталуу болуп, Курултай деп аталат.

Учурда Курултайга шайлоо өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан