АКШ 2027-жылдын 1-январынан тарта Канададан импорттолгон автоунааларга, автотетиктерге жана болотко бажы төлөмдөрүн 50 пайызга чейин жогорулатат. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трампка шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
“Канада көп жылдар бою Америка Кошмо Штаттарын тоноп келген. 2027-жылдын 1-январынан тарта чоң-кичине бардык жеңил жана жүк ташуучу унааларга, автотетиктерге жана болотко тарифтер 50 пайызга чейин көтөрүлөт. АКШда өндүрүлгөн продукция үчүн тарифтер нөлгө барабар болот”, - деп жазган Трамп Truth Social социалдык тармагына.