Непалдагы суу ташкынынан кийин 26-августта 384 турист дайынсыз жоголгону аныкталды. Алардын 291и чет элдик жарандар, 93ү Непалдын жарандары.
Бул тууралуу өлкөнүн Туризм башкармалыгы маалымдагандыгын чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, алдын ала маалымат туристтик компаниялардан алынган. Дайынсыз болуп жаткан туристтер кырсыктан жабыркаган аймактарда болушкан.