Биз социалдык тармакта

Белгилүү актёр Тим Карри 80 жашында көз жумду

Британия актёру жана ырчы Тим Карри 80 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдиришти.

Актёр 25-августта Лос-Анжелестеги үйүндө көз жумганын анын расмий өкүлү тастыктаган.

Карри көп жылдар бою ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр менен күрөшүп келген. Ал 2012-жылы оор инсульт алып, андан кийин майыптар арабасын колдонууга аргасыз болгон. 2025-жылы жарык көргөн мемуарында актёр инсульттан кийин башынан өткөргөн оор мезгили тууралуу жазган.

Тим Карри 1946-жылы 19-апрелде Англияда төрөлгөн. Ал өзгөчө үнү жана терс каармандардын образын чебер жаратканы менен белгилүү болчу.

Актёр дүйнөгө Стивен Кингдин чыгармасынын негизинде тартылган 1990-жылдагы "Ал" (Оно) мини-сериалындагы коркунучтуу клоун Пеннивайздын ролу аркылуу кеңири таанылган.

Мындан тышкары, Тим Карри "Үйдө жалгыз-2" (Один дома-2) тасмасында мейманкананын консьержи мистер Гектордун ролун аткарган. Анын чыгармачылык карьерасы театр, кино, телевидение жана үн менен иштөө тармактарын камтып келген.

Актёрдун өлүмүнүн расмий себеби азырынча жарыялана элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан