Биз социалдык тармакта

Казакстан 16 жашка чейинкилер үчүн социалдык тармактарды бөгөттөшү мүмкүн

Казакстанда 16 жашка чыга элек балдардын социалдык тармактарга катталуусуна тыюу салуу сунушталууда. Бул тууралуу казак басылмалары президент Касым-Жомарт Токаевдин билдирүүсүнө таянып жазышты.

Токаевдин айтымында, тиешелүү мыйзам долбоору быйыл июнь айында парламенттин кароосуна киргизилген. Президент депутаттарга бул демилгени Курултайдын биринчи сессиясынын ачылышында кароону сунуштады.

Өлкө башчысы агрессивдүү маркетинг, социалдык тармактар, санариптик платформалар жана жасалма интеллект балдардын дүйнө таанымына олуттуу таасир тийгизип жатканын белгиледи.

Ошондой эле өлкөдө жашы жете электерди коргоо максатында интернеттеги контентти фильтрлөө чаралары кабыл алынышы мүмкүн.

Казакстанда Курултайдын биринчи сессиясы 28-августта өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан